Азыркы тапта Бишкекте экзотикалык жаныбарлардын көргөзмөсү өтүп жатат. Мындан кескелдирик, жылан, жөргөмүш, чаян, тоту куш, маймыл сыяктуу жаныбарларды көрүүгө болот. Жаныбарлар Түштүк Америка, Австралия, Малайзия жана Түштүк Африкадан алынып келинген. Уюштуруучулардын бири Сакыт кызы Мээримдин айтымында, бардык жаныбарлар өз-өзүнчө кам көрүүнү талап кылат.
"Биз кээ бир жаныбарларга ат коюп алганбыз. Кээде эркелетип аттарынан чакырабыз. Ар бири өзүнчө сүйүп, кам көрүүнү талап кылат. Маселен, бул игуананын аты - Яша. Ал жалкоо жаныбарлардын бири болгондуктан, дайыма эле бир ордунда жата берет. Тамак жеп, кайра ордуна барып алат. Бизди таанып калган. Терисин сыласаң, кадимкидей сезет, эркелейт. Башкалар кармаса же жакындаса дароо сезет. Ысык чөйрөдө жашагандыктан, айланасына ошондой шарт түзүп бергенбиз",- деди ал.
Кээ бир экзотикалык жаныбарларга тамак жумасына 2-3 жолу берилсе, айрымдары күн сайын тамак талап кылышат. Кескелдириктер үчүн чегирткелер, тоту куштарга ашкабактын данектери жана маймылдарга мөмө-жемиштер берилерин кошумчалап өттү.
"Жыландарга келемиштерди беребиз. Муну уккандар "Биз жашаган жерлерде келемиштер көп жашайт. Кармап келсек болот турбайбы?" дешет. Негизи жаныбарларга туш келген нерсени бербейбиз. Алар үчүн атайын тамак даярдайбыз. Келемиштерди да багабыз ушулар үчүн. Ветеринарлардын текшерүүсүнөн өтүп турушат",- деди Мээрим Сакыт кызы. Көргөзмө "Россия" кинотеатрында 20-октябрдан тартып 30-декабрга чейин күн сайын саат 11:00дөн тартып иштейт.