ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө 10-майда кайрылган Военно-Антоновка айылынын тургундары таштанды полигонун жабууну талап кылышкан.
"Военно-Антоновкадагы таштанды полигонунан чыккан түтүн айылдын өзүн жана Тынчтык конушун каптап жатат. Таң атканча уу түтүн менен дем алабыз. Буга бийлик тараптан чара көрүлүп, полигонду жапса өтө жакшы болмок" дешкен.
Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Расул Садыков билдиргендей, учурда жеринде кызматкерлер түтүндү өчүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
"Военно-Антоновка айылындагы таштанды полигону 1980-жылдан бери пайдаланып келебиз. Жогорудагы көйгөй бизде жыл сайын болот. Себеби топтолгон таштандылар өзүнөн-өзү түтөп чыгууда. Аларды тракторлордун жардамы менен өчүрүп жатабыз. 3-4 күн мурун күйүп жаткан аймак чоң болчу, азыр алардын баарын өчүрдүк. Азыр кичине түтөгөндөрү калды. Бүгүн дагы балдар иштеп жатат. 1-2 күндө толук кандуу өчүрүп калышат", - деп айтты Садыков.
Мындан тышкары ал аталган маселени чечүү үчүн Бишкек шаарындагы таштанды полигону менен келишим түзүү мерчемделип жатканын маалымдады.
"Башка жактан таштанды полигонун ачалы десек, эл көп болуп, ылайыктуу жер жок болууда. Быйыл күзгө чейин таштанды ташыган унаа алып, Бишкектеги полигон менен келишим түзүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн долбоор даярдадык. Аны менен донорлорго кайрылуу алдында турабыз" дейт ал.