“Кыргызгазды” келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин, тактап айтканда 25 жылдан кийин кайра сатып алсак болот. Муну бүгүн, 11-декабрда парламент жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев айтты. Министр билдиргендей, кайра сатып алуудагы бааны Көз карандысыз баалоо компаниясы аныктайт. “Бааны рыноктук шартка жараша көз карандысыз компания аныктайт. Дүйнөдө мындай 4 компания бар. Кааласак келишимдин мөөнөтүн узартып же өзгөртүү киргизүү менен жаңы келишим түзсөк болот”,- деди министр.