Баткен облусунда
мыйзамсыз иштетилген 35 көмүр кени жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Баткен
облусу боюнча өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Жеңиш Раззаков билдирген.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары менен милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзүп,
мыйзамсыз казылып жаткан 35 көмүр кенин табышкан. Аларды жергиликтүү тургундар
иштетип жүргөн. Учурда буга тиешелүү адамдарга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү
иштери жүрүүдө.
Жеңиш Раззаков “Мурун кен казуунун эрежеси толук сакталбагандыгына байланыштуу анда иштеп жаткан үч
адам урандылардын астында калып калган. Ошондон улам ушундай чара көрүүдөбүз” деди өз сөзүндө.