Коррупцияга шектелген Урмат Самаевдин ордуна жаңы мэр дайындалды

Бүгүн, 13-майда Токмок шаарына Максат Нусувалиев мэр болуп дайындалды. Аны жамаатка президенттин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Жунушалиев жаңы жетекчиге ийгилик каалап, талыкпай жана толук кандуу иштөө керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, Токмок шаарын буга чейин Урмат Самаев жетектеп келген. Ал ушул жылдын апрель айынын аягында шаардын жылуулук берүү мекемесиндеги коррупцияга шектелип, 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилген деп кармалган.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен Самаев 1-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Бирок бир күндөн кийин шектүү үй камагына чыгарылган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, 25 миллион сом компенсация төлөп бергени айтылган.

Ал эми бүгүн Самаев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулганы кабарланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан