Парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди ашкере сындап, эмоцияга алдырды. “Өкмөттүн өкүлү келип билимим жок деп отурганы эмне деген шумдук?! Билимиңиз жок болсо эмне отурасыз, кетиңиз. Кантип иштеп жүрөсүңөр билимиңер жок болсо? Анда баарын саткыла да, кеткиле баарыңар”,- деди Сулайманов. Жоомарт Оторбаев “газ тармагы боюнча тажрыйбам жок экенин айткам” деди эле, башка депутаттар да анын сөзүн бутага алышты.
Кожобек Рыспаев “Жоомарт мырза, “колумдан келбейт” деген сөздү аз колдонсоңуз. Кыргыздар бул сөздү жаман көрүшөт. Андан көрө каржылык мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Көп иштер акчанын айынан жасалбай жатат десеңиз болмок”,- деди.
Башка депутаттар да пикир айтып калууга үлгүрүштү. Эскерте кетсек, жыйында "Кыргызгазды" Орусияга сатуу маселеси каралып жатат.