Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин Кыргызстан Орусиядан “Кыргызгазды” сатып ала албай калышы толук мүмкүн. Муну бүгүн, 11-декабрда парламент жыйынында депутат Улукбек Кочкоров айтып, депутаттарды келишимди колдобоого чакырды. Айтымында, келишимде кемчиликтер көп. “Орусия “кечирип койгула, бизде газдын өздүк баасы ушундай болуп жатат” деп газдын баасын асмандатып жиберсе эч нерсе кыла албайбыз. Анткени келишимде жок бул нерсе. Газдын баазы 400 доллар болуп кетиши да мүмкүн. “25 жылдан кийин “Кыргызгазды” кайра сатып алсак болот” деп жатасыңар. “Газпром” 5 миллиард доллар деп баа койсо, кантип сатып алабыз?” деди Кочкоров.