КРнын прокурата кызматкерлери түркиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашып келишти

КРнын прокуратура кызматкерлери 1-7-декабрга чейин Анкара шаарында коррупцияга каршы күрөшүү багытында түркиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашып келишти. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын расмий сайтында маалымдалат.
Анда прокуратура кызматкерлери Түркия Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Түркия Республикасынын Адилет министрлигинин академиясынын бөлүм башчыларынын уктурууларына катышкан. Ошондой эле сот отурумуна катышып, андагы иштин жүрүшүнө жакындан күбө болушкан.
Эскерте кетсек, тажрыйба алмашуу салты Аида Салянованын 2012-жылдын декабрь айында Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын натыйжасында ишке ашкан. Анда эки өлкөнүн баш прокурорлору өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюп, жыйынтыгында Түркия тарап 2013-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын 60 кызматкерине окутуу курстарын уюштурарын моюнга алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан