Бишкектин Биринчи Май райондук соту Украинадагы согушка катышкан жаранды он жылга эркинен ажыратты.
Жогорку Соттун сайтына жарыяланган соттун чечимине ылайык, 31 жаштагы жаран кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Жалданмачылык") каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 2022-жылдын июнь айында ал Москвада болгон жана ошол учурда Луганскка барууну чечкен. Июль айында Брянск шаарына келип, ай сайын 180 миң рубль төлөнүүчү аскер кызматына алынган. Ал чалгындоо иштерине катышып, күжүрмөн даярдык боюнча курстарды аяктаган, фронтто миномёт жана ок-дарыларды камсыз кылуу менен алектенген.
2022-жылдын ноябрь айында аскер кызматынан бошотулуп, алгач Москвага, андан соң Бишкекке кайтып келген. Сотто айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган эмес.