Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан уулу Эверест чокусун багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, кечээ, 17-май эртең мененки саат 07.40та Эверест чокусун багындырган. Ал өзү менен кошо чокуга кыргыз желегин, калпакты жана "Манас" эпосунун академиялык томдугун ала чыккан.
Кадыр Сайдилкан уулу кошумчалагандай Эверест тоосуна чыккан эмгегин 91 жаштагы апасына арнаган. Андан кийин өз жакындарына жана жалпы кыргыз айымдарына тартуулаган.
"Кыргыз айымы эч качан кор болбосун, зордолбосун, уурдалбасын, сый урмат, сүйүү, бакытка бөлөнүп жашасын деп чокудан тилек кылдым" деп жазган ал.
Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов Эверестти багындырганы кабарланган.