Өмүрбек Текебаев: “Орусия позициясын өзгөрттү. "Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстандын макулдугу жок эле курсаңар болот" деп жатат”

“Кыргызстан сууну өз кызыкчылыгы үчүн пайдалана албай жатат”,- деп билдирди ЖКнын 11-декабрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев. Айтымында, газ маселеси боюнча Өзбекстан ар дайым кыр көрсөтүп, сууну арзан баада сатып алууда. “Тажикстан Рогун ГЭСин курабыз деди эле, буга макул болбогон Өзбекстан ал өлкөдөгү темир жолун жыйнап алды. Алар “Тажикстанга көз каранды болуп калбайлы” деп жатат. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каршы чыгып БУУнун сессиясына чейин барып арызданды.

Башында Дмитрий Медведев (Орусиянын премьер-министри) "Кыргызстан аталган ГЭСти коңшулары менен макулдашып курушу керек" деген. Бүгүнкү күндө Орусиянын позициясы өзгөрдү. “Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстандын уруксаты жок курса болот, биз курабыз” деп жатат. Кийин суунун баасы нефтинин баасы менен барабар болот. Ушуну унутпашыбыз керек”,- деди Текебаев.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан