Учурда Жети-Өгүз районунда абал туруктуу. Күндөгүдөй тынчтык митинги уланууда. Мындай билдирүүнү Саруу айылынын тургуну Абай Узаков бүгүн, 11-декабрда билдирди.
Анын айтымында, тынчтык митинги өтүп жаткан 5 айылда өзгөчө абал киргизилген. Муну айыл тургундары өздөрү киргизип алышкан. Алар кечки саат 22:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин айылга сырттан унаа жана жеке адамдардын кирүүсүнө тыюу салып коюшкан.
Эске сала кетсек, Жети-Өгүз районунун Саруу, Дархан, Жеңиш, Жаргылчак, Оргочор айылдарында боз үйлөр тигилип, тынчтык митингдери өтүп жатат. Алар “Кумтөр” боюнча кармалган балдарды бошотуу жана “Кумтөрдү” элдин пайдасына чечип берүү талаптарын коюшууда.