Кечээ, 10-декабрда Кыргызстан
менен Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчылары жолугушуп, эки мамлекет
ортосундагы чек арада пайда болгон кыйынчылыктар тууралуу талкуулашты. Бул
тууралуу бүгүн, 11-декабрда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз
кызматы билдирет.
Жолугушуу Ош
шаарында орун алды. Ага КРнын Чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу
Райимберди Дүйшембиев жана Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кызматынын
башчысы Рустам Эминжанов катышты. Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек чек
арасын кайтаруудагы маанилүү маселелер
тууралуу кеп алышып, 2014-жылы чек араны кайтарууда эки тараптуу кызматташтыкты
күчөтүүгө токтолушту.
Ошондой эле жолугушууда
чек арадагы айрым талаш-тартыш маселелерди алдын алуу максатында тактала элек
аймактарда жашаган тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги белгиленди.