Курсант кыздын өлүмү боюнча күбөнү коркуткан адам кармалды

Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, айыпталып жаткан шектүүнүн таанышы камакка алынды. Ал киши шектүүгө каршы көрсөтмө берген күбө кызды коркутуп, көрсөтмөлөрүнөн баш тартууга, тергөөгө жалган маалымат берүүгө мажбурлаган жана бул талабын аткарбаса, аны каралаган маалыматтарды интернетке жарыялай турганын айтып, коркутуп-үркүткөн.

"Тергөөнүн алкагында М.Л.Ж. аттуу жаран күбө катары суракка алынып, тергөө органдарына учурда айыпталып жаткан У.Э.Н.нын автокырсыкка тийиштүүлүгү тууралуу олуттуу маалыматтарды билдирген. Андан кийин Р.у.Д. аттуу жаран М.Л.Ж.нын жеке маалыматтарын социалдык тармактарда таратуу жана каралоо менен коркутуп, ага жалган көрсөтмө берүүнү жана У.Э.Н.га каршы мурда берилген көрсөтмөлрдөн баш тартууну талап кылган. Р.у.Д. аттуу жаран Айза Улан кызынын өлүмүндө айыпталып жаткан негизги айыпталуучу У.Э.Н.нын таанышы болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 19-майга караган түнү күбөгө кысым көрсөтүү фактысы катталгандан кийин Р.у.Д. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Р.у.Д. аттуу жаран "ВЭБ-кам студияларынын" уюштуруучусу экендиги аныкталды. Ал Бишкек шаарынын аймагында порнографиялык материалдарды таратууга байланышкан виртуалдык интим кызматтарын көрсөтүү үчүн жаш кыздарды тартуу аркылуу мыйзамсыз иш жүргүзүп келгендиги такталды. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө укукка каршы иш-аракетти күбөлөндүргөн буюмдук далилдер табылып, алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, 1998-жылкы Айза Улан кызы быйыл 9-январда Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеде баратканда унаа коюп кетип, каза болгон. Адегенде кылмышка шектүү катары ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери У.Н.А. аттуу жаран кармалган болчу. Бирок анын оорусуна байланыштуу сот үй камагына чыгарган.

Кийин ал адам кырсык болгон учурда ошол автоунаада болбогону, уулун жазадан куткаруу үчүн күнөөнү өз моюнуна алганы аныкталган. Прокуратура чыныгы шектүүнүн атасы өзүнүн оорусу жана майыптыгы бар болгондуктан, камакка алынбашын билгендиктен уулунун бул кылмышка тиешеси бар экенин жашырып, жалган көрсөтмө бергенин маалымдаган.

Чыныгы шектүү 12-майда кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 13-майдагы чечими менен эки айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Саман
2023-05-21 03:51:00
Адамдарда адамдык касиет кача баштады.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан