Бишкекте Айза Улан кызын өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу үй камагына чыгарылды

Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсант кызын сүзүп, качып кеткенге шектүү жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн баш коргоо чарасы Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралган.

"Айыпталуучунун 5-даражадагы бөйрөк оорусу, термикалык стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу жана 2016-жылдан бери гемодиализде экенин көрсөткөн медициналык документтер сотко жактоочу тарабынан берилгендигине байланыштуу үй камагына чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 9-январь күнү Ички иштер министрлигинин Академиясынын 24 жаштагы курсанты Айза Улан кызын Республика жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп бара жатканда унаа сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Кыз алган жаракатынан улам каза болгон. Кылмышка шектелип 1974-жылы туулган У.Н. аттуу жаран кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2023-01-17 14:20:00
Бул катуу ооруйт экен Боор жаагынан ошон учун коё берилиптир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан