Министр ЖРТны 10унчу жана 11-класста эки жолу тапшыртууну пландап жатканын айтты

Бүгүн, 24-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министри Каныбек Иманалиев Жалпы республикалык тестирлөөнү 11ди эмес, 10-классты бүтүп жатканда тапшыртууну пландап жатканын айтты.
"Эгерде сиздер колдоп берсеңиздер, келчекте 11-класста эмес, 10-класста ЖРТ тапшыралы. Бардык сабактар боюнча. Бул окуучунун, мугалимдин, мектептин беделин аныктайт. Ким кайсы сабактан күчтүү экенин билип алабыз. Экинчиден, 11-класстан бардык предметтер боюнча тапшырта бербей, кесиптик багыт боюнча уруксат берсек. Медакадемияга барам десе өзүнө керектүү химия, физика, биологиядан тапшырат. Гуманитардык болсо кыргыз тили, тарыхтан тапшырат. Келечекте ЖРТны экиге бөлсөк, азыркы көйгөйлөр актуалдуу болбой калат", - деди Иманалиев.
Ошондой эле ал жалпы республикалык тесттин маани-маңызы тууралуу айтып берди.
"Советтик педагогика окуганды, жаттаганды, санаганды үйрөткөн. Азыр дүйнөдө ошол үч көндүм тогузга жетти. Биз эмне үчүн 2008-2009-жылдары PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасында эң акыркы орундарды алып калганбыз? Кыргызстандын окуучулары окуганды, санаганды, эсептегенди билет, бирок логикалык ой жүгүртө албайт. Азыр Кытай 9 көндүмгө өттү, биз жок дегенде 5-7ге жете алсак PISA боюнча жакшы орундарды алабыз. ЖРТ сөзсүз түрдө керек, кээ бир суроолорун өнүктүрүү зарыл. Окуучунун масштабы кеңейиши абзел, ЖРТ ошонун бири. Болгону кээ бир окуучулар көнө албай жатат", - деди министр.
Бүгүн Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ЖРТда мектеп предметтеринен сырткаркы суроолор берилип, жакшы окуган балдар да төмөнкү балл алып жатканына нааразы болушту. Эл өкүлдөрү мындан улам балдардын шагы сынып ЖОЖдо окубай калып жатканын жана алар чет өлкөгө мигрант болуп кетип жатканын айтышты.
Айрым депутаттар аймактардан ЖРТны жоюу же босого баллды азайтуу тууралуу сунуштар түшүп жатканын, анын кереги жок деген көз караштар бар экенин айтты. Министр Иманалиев ЖРТнын босого баллын төмөндөтүү сунушуна каршы пикирин билдирди.
Жогорку Кеңеш 24.05.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан