“Бишкектеги ЖЭБ-2 (ТЭЦ-2) жакынкы жылдары сөзсүз ишке кирет”,- деп билдирди парламенттин 11-декабрдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев. Айтымында, учурда аны ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. “Бул биздин алдыбызга коюлган тапшырма”,- деди министр.
Айта кетсек, жыйында Бишкекке дагы бир ЖЭБ куруу үчүн Кытайдан насыя алуу маселеси каралууда. Айрым депутаттар жаңы ЖЭБ куруу менен көйгөй чечилбей турганын, анткени жылуулук жеткирүүчү түтүктөр жок экенин айтышууда.