Таң эрте келген шайлоочу: "Үмүт үзүлбөйт"

Бүгүн, 28-май №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.

Бишкектеги №1046 шайлоо тилкеси саат 8:00дө мамлекеттик гимндин жаңырышы менен шайлоочуларга эшигин ачты.

Аталган шайлоо тилкесине алгачкылардан болуп 59 жаштагы Гүлбара Токтомушова аттуу жаран шайлады.

“Талапкерлердин бардыгы эле жакшы. Мен шайлаган талапкер жакшы иштеп берсе болду. Бирок буга чейин чечилбеген маселе азыр чечилип калмак беле. Жашоочулардын маселесин чечсе өзү чечет да. Артынан кубалап алмак белек. Буга чейин деле көрүп келбедикпи, жылыш болгон жок. Бирок үмүт үзүлбөйт” - деди ал.

Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти көзөмөлдөөдө.

Белгилей кетсек, Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 29 талапкер ат салышууда.

Эске салсак, 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Ленин округунан эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров 12-мартта мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.

Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан