Биз социалдык тармакта

№1013 шайлоо тилкесинде 1 сааттын ичинде 35 адам добуш берди

Бүгүн, 28-май күнү Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.

Ленин районунда жайгашкан №1013 шайлоо тилкесине добуш берүү процесси өз нугунда жүрүп жатат. Саат 9:05ке карата аталган шайлоо тилкесинде жалпы 35 адам добушун берди.

Шайлоонун жүрүшүн тартип сакчылары көзөмөлгө алышууда. Техникалык мүчүлүштүктөр жаралган жок.

Белгилей кетсек, Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 29 талапкер ат салышууда. Район боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо тилкеси уюштурулган.

Эске салсак, 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Ленин округунан эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров 12-мартта мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.

Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан