Жогорку Кеңеште бүгүн, 11-декабрда “Кыргызгазды” Орусияга 1 долларга сатуу маселеси 3 окууда колдоо тапты. 97 депутат каттоодон өтүп, мыйзамга 78 депутат макул, 19 депутат каршы добуш берди. Айта кетсек, мыйзам депутат Өмүрбек Текебаев сунуш кылган пункт менен кабыл алынды. Башкача айтканда, "Кыргызгазды" сатып алган "Газпром" Кыргызстандагы газ тармагына толук ээлик кыла албайт. Кыргызстанда газ түтүктөрүн тартуу менен башка өлкөлөрдөн да газ алуу укугу калды. Эми мыйзам президенттин кол коюусуна жиберилет.