Жогорку Кеңеште бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаарына дагы бир ЖЭБ куруу үчүн Кытайдан 386 миллион доллар насыя алууга багытталган мыйзам 3 окууда кабыл алынды. Мыйзамды өкмөт демилгелеп, аны бүгүн энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев жактады. ЖЭБди кытайлык компания курмакчы.