Кыргызстан менен Эстониянын товар алмашуусу 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча 11 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда кыргыз-эстон ишкерлеринин жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын Соода-өндүрүш палатасынын вице-президенти Рима Апасова билдирди.
Анын айтымында, аталган көрсөткүч кандайдыр бир деңгээлде аз деп эсептелет. “Биздин экономикалык карым-катышыбызды бекемдөөдө потенциал жогору” деп билдирди.
Мындан сырткары Кыргызстан Эстонияга авиакеросин экспорттоп, дары-дармектерди, балык азыктарын жана алкоголдук ичимдиктерди импорттогонун кошумчалады.