Социалдык өнүктүрүү
министрлигинин коллегиялык жыйынында аталган мекеменин статс-катчысы Бактыбек
Жекшенов
«Интернаттардан тарбия алгандарды сатуу кайталанбашы үчүн бир катар чараларды көрдүк» деп билдирди.
Ал өз
сөзүндө Токмоктогу №2-психоневрологиялык клиниканын эки жашоочусун сатууга
аракет кылган директор кызматынан бошотулганын жана ага карата кылмыш иши
козголгону тууралуу айтып өттү.
“Биз жаңы директорду дайындадык. Москвадан алып
келингендер Токмоктогу интернатта жашап жатышат. Биз аларды башка
бейтапканаларга которолу дегенбиз. Бирок алар ошол жерде калабыз дешти. Бул
окуядан кийин майыптарды сатуу маселеси кайталанбасын деп бир катар чараларды
көрдүк. Мындан ары кайталанбайт деп ишенем”,- деди Жекшенов.