Орусиянын учактары Украинанын күч бригадасы жайгашкан пункттарга чабуул жасады 

Орусиянын учактары Украинанын 1-атайын күчтөрүнүн бригадасын жайгаштыруу пункттарына бомба жана ракета менен сокку урду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасына "Запад" аскерлер тобунун басма сөз борборунун башчысы, полковник Сергей Зыбинский билдирген.

"Топтун учактары 1-атайын бригаданын убактылуу жайгаштырылган пункттарына, 14 жана 92-өзүнчө механикалаштырылган бригадалардын жана аймактык коргонуу бөлүктөрүнүн жеке курамы, курал-жарак жана аскердик техникасы топтолгон аймактарга ракеталык жана бомбалык соккуларды жасады", - дейт ал.

Зыбинскийдин айтымында, Купянск багытында "Акация" жана "Мста-С" замбиректери Старица жана Вишневое калктуу конушундагы душмандын эки миномёттук экипажын жок кылган. Андан соң Лозовая жана Западная конуштарындагы Д-20 жана Д-30 замбиректери артиллериялык аткылоо менен жок кылынды.

Эске салсак, кечээ, 30-майда эртең менен Орусиянын борбору Москва шаарына учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасалган.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин украиналык учкучсуз учактардын Москвага чабуулун теракт деп баалай турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан