Украина бийлиги "Майданга" чыккандарды таратууга аракет кылды

Бүгүн, түнү (10-11-декабрга караган түн) Украина бийлиги “Беркуттун” жардамы аркылуу демонстрацияга чыккандарды таратууга киришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирет.
 Киевдеги нааразылык акциясы күндөгүдөй уланып жаткан. Оппозициянын башкы штабындагылар митингге чыккандарды таратуу үчүн “Беркуттун” кызматкерлери түн ичинде чабуулга киришерин кабарлашкан. Мындан улам акцияга чыккандардын арасында жүргөн ооган согушунун ардагерлери демонстранттар менен биргеликте “Беркуттун” кызматкерлеринин чабуулуна каршы туруу аракетин уюштура башташкан. Оппозиция лидерлери да “чагымчылдыкка алдырбай! Бирге турууну” эскертип жатышты.
“Беркуттун” кызматкерлери саат 01:00дө чабуулга кирип, “Офицерлер үйүнүн” аймагындагы митингчилердин кепелерин талкалай башташкан. Андан соң Лютеранск аймагына жылып, ал жердеги оппозициянын тосмолорун уратып, чаңын сапырышкан. Жыйынтыгында акциянын автивдүү делген 8 мүчөсү бейбаштык кылгандыгы үчүн кармалган. Аларга протокол түзүлгөн соң кайрадан бошотулду. Ошондой эле чабуул учурунда онго чукул демонстранттар жапа чеккендиги айтылууда. Бирок буга карабастан акцияга чыккандардын саны улам өсүп жаткандыгы кабарланууда. 
"Майданга" келгендердин саны 30 миңге чукулдап калганын басма сөз каражаттары жазып жатат. Алардын маалыматына караганда, "Майданга" жөнөгөндөрдү көчөдөгү таксилер акысыз жеткиришүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан