Каржы министрлиги аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине окуу курсун өткөрүүдө

КРнын Каржы министрлиги үстүбүздөгү жылдын 11-13-декабрь күндөрү аймактык финансы жана казыналык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу курсун өткөрөт. Аталган иш-чара бүгүн башталып, ага министрликтин статс-катчысы Зуура Баяманова, тиешелүү башкармалыктын жетекчилери, адистери, аймактык каржы жана казыналык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, эксперттер катышууда. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуу курсун өткөрүүнүн негизги максаты - аймактык каржы жана казыналык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, каржы системиндеги коррупциялык иш-аракеттерди жана мыйзам бузууларды алдын алуу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан