Кыргызстанда Мамлекеттик секторду реформалоо үчүн 30дан ашуун стратегиялык документ кабыл алынган. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда 2014-2015-жылдардагы Мамлекеттик секторду реформалоодогу жол картасын талкуулоодо аталган документти иштеп чыккандардын бири, эксперт Рафкат Хасанов билдирди.
Ал жол картасы жана мамсекторду реформалоодогу кабыл алынган бир катар документтер тууралуу айтып өттү. “8 стратегия, 4 концепция, 9 иш планы, 3 президенттик указ жана программалык документтер бар”,- деди Хасанов.
Анын айтымында, документтердин көптүгүнөн аткарып жаткан командада нормативдик актылар боюнча маселелер жаралган. Жыйынтыгында документтерге кошумчаларды киргизүү үчүн мамлекеттик органдарга кайрылуу чечимине келишкенин баса белгиледи.