Үстүбүздөгү жылдын 11 айында өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү 54 миллиард сомду түздү. Бул туурасында бүгүн, 11-декабрда КРнын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, жогорудагы көрсөткүч өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу 14,6 пайызга жогорулаган. Ал эми инвестициялардын негизги көлөмү кайра иштетүү өнөр жайына, тоо-кен тармагына багытталган.