Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына барат. Бул туурасына мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Белгилүү болгондой, Эрдогандын ант берүү аземи 3-июнь күнү Анкарада өтөт.
Эске салсак, кечээ, 1-июнда эки мамлекеттин башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, анда Эрдоган Жапаровду инаугурациясына чакырган болчу.
Белгилей кетсек, 28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өткөн. Ага жалпы 54 миллион 24 миң 601 адам катышкан.
Анын жыйынтыгында Режеп Тайып Эрдоган 52,18 пайыз (27 миллион 834 миң 589 бюллетень), Кемал Кылычдароглу 47,82 пайыз (25 миллион 504 миң 704 бюллетень) добуш алган.