Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду инаугурациясына чакырды

Бүгүн, 1-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады. Түркиянын президенти жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды.

"Ошондой эле өлкө лидерлери Кыргыз-Түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Түркияда 28-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Режеп Тайип Эрдоган жеңип чыккан. Эрдоган добуштардын 52,14% алган. Ал эми атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан