Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлери кабинетинин маалымат кызматы кабарлайт.
Кабарлангандай, Тажикстандын президентин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.
Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель келгени кабарланган.