Араван районунда өрттөнгөн мектепте окуу процесси 3 нөөмөттө уланып жатат

Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагында 2013-жылдын 7-декабрь күнү Гүлбаар атындагы орто мектепте өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 240 чарчы метр мектептин чатыры, 6 окуу классы, 20 даана парта, 40 даана отургуч, 7 даана терезе жана 10 даана пластик эшик күйгөн. Ошондой эле китепканадагы китептер жана мектепке тиешелүү документтердин баары күйүп, жараксыз болуп калган. 

Маалыматтарга караганда, өрт жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшүнөн улам келип чыккандыгын адистер аныкташкан. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Учурда өрттөнгөн мектепте окуу процесси 3 нөөмөттө уланып жатат. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-декабрда билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан