Эртең, 12-декабрда Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жети адамга “Бишкек шаарынын ардактуу жараны”
наамын тапшыруу салтанаты өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинен
кабарлашат.
Аталган саамалык 1994-жылдан
бери уюштурулуп келүүдө. Анда Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө салым кошкон адамдар
үчүн атайын сыйлыктар тапшырылат. Сыйлык тапшыруу аземине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат
Аманкулов катышмакчы.