Кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго берилүүчү кенемтени 12 эсе азайтуу сунушталды

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети “Прокуратура жөнүндөгү” конституциялык мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоорду биринчи окууда карап, аны көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Ага ылайык, прокуратура кызматкерлери кызмат учурунда каза болсо төлөнүүчү кенемтенин суммасы 12 эсеге азаят. Аталган мыйзам долбоору президент тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган финансы министри Алмаз Бакетаев коомчулукта каза болгон прокурорго берилчү 21 миллион сом компенсация көп деген сындар айтылганын белгиледи.

"Өзүңүздөр билгендей, 2021-2022-жылдары өлкөнүн бардык тармактарында маяналар жогорулаган, анын ичинде прокурорлордуку да көбөйгөн. Ошого байланыштуу ушундай сумма чыгып кетти. Ага чейинки төлөмдөр 9 миллион сомдун тегерегинде болчу. Биз сунуштаган мыйзам долбоору кабыл алынса орто эсеп менен 1,5 миллион сом төлөнүп калат", - деди ал.

Бакетаевдин айтымында, долбоордо төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
- прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып көз жумса, үй-бүлөсүнө анын акыркы ээлеген кызмат орду боюнча 20 орточо айлык маянасынын өлчөмүндө бир жолку кенемте пул төлөнөт (учурда 20 жылдык маянасы берилет);
- I топтогу майып болуп калса - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча 10 орточо айлык эмгек акы (учурда 10 жылдык маяна);
- II топтогу майып болуп калса - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча 8 орточо айлык эмгек акы (учурда 8 жылдык маяна);
- III топтогу майып болуп калса - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча 5 орточо айлык эмгек акы (учурда 5 жылдык маяна).

Депутат Гуля Кожокулова прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө кызмат учурунда каза болгон же майып болгон учурда бир жолку кенемте берүүдө төлөмдөрү кыскарса, анда башка мамлекеттик органдар үчүн да кыскартуу керектигин билдирди. Бул пикирди депутаттар Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев колдоп, бардык тиешелүү мыйзамдарды бир пакетте кароону сунушташты.

Дастан Жумабеков прокуратура органдарынын кызматкерлери курман болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча 24 орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө, башкача айтканда 1 жыл 8 ай эмес, акыркы 2 жылдык маянасынын өчөмүндө бир жолку кенемте пул төлөп берүүнү сунуштады.

Эске салсак, 15-майда парламенттеги комитет жыйынында депутаттар каза болгон прокурорлордун үй-бүлөлөрүнө берилчү жөлөк пулдун суммасына таң калышкан. Анда мыйзамга ылайык, прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон учурда маркумдун үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилери жана ал болжол менен 21 миллион сомду түзөрү айтылган.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн сунушун колдогон жана бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Жанузаков былтыр июль айында жол кырсыгынан каза болгон.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын 74-беренесине таянып жооп берген. Анда кызмат өтөө учурунда каза болгондо кенемте прокурорлорго эле эмес, бардык укук коргоо органдарына, тактап айтканда, прокуратура, УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жаза аткаруу кызматы өңдүү мамлекеттик органдарга тиешелүү экени белгиленген.

Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүшкөн.

Жогорку Кеңеш 06.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан