Катар эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин бүгүн, 7-июнда Кыргызстанга болгон алгачкы мамлекеттик сапары аяктап, өлкөдөн учуп кетти.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, сапардын алкагында өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча чараларды талкуулашты.

Садыр Жапаров Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки өлкөнүн кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катнашта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.

"Өз кезегинде Катар эмири Садыр Жапаровдун чакыруусуна жана меймандостугуна ыраазычылык билдирди. Бул анын Кыргызстанга жасаган биринчи сапары экенин, Кыргызстан менен Катардын эки тараптуу мамилелериндеги маанилүү учур болуп жатканын белгиледи.

Өлкө лидерлери бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду практика жүзүндө ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты", - деп айтылат маалыматта.

Катардын эмиринин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Белгилей кетсек, Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өлкөгө мамлекеттик сапары менен 6-июнда келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан