Ноокат жолунун курулушун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ал кечээ, 7-июнда социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык, Ноокаттагы жолдун курулушун жеке көзөмөлүмө алдым. Узундугу 15 чакырымдай жол 1-сентябрга чейин бүткөрүлүшү керек", - деп жазган Ташиев.
Эл аралык Ош-Ноокат-Раззаков жолунун узундугу 47 чакырымды түзөт, 1968-1971-жылдар аралыгында курулган.
Ушул жылдын 1-мартында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун участокторун (28-35 чакырым, 41-47-чакырым) капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери башталган.
Ал эми Башкы прокуратура буга чейин аталган жолду курууда 189 миллион 200 миң 223 сом зыян келтирилгенин билдирген болчу.