“Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында каралды. Сунушталган мыйзам долбоору Кыргызстанда сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши чөйрөсүндө коомдук мамилелерди тартипке келтирүүгө багытталууда. Ошондой эле сөөктү көмүү үчүн жер тилкесин акысыз берүү кепилдиктерин уюштурууну карайт.
Талкууда депутат Анарбек Калматов сөөк коюу жаатында буга чейин мыйзам болбогонун, буга чейин токтом, жобо деңгээлинде гана уюштурулуп келе жаткандыгын айтып, кесиптештерин сунушталган мыйзам долбоорун колдоого чакырды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.