Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова балдарга зордук-зомбулук көрсөтүп соттолгондордун жазасын жеңилдеткен фактыларды сынга алды.
Эл өкүлү бул маселе коомчулукту тынчсыздандырып жатканын билдирип, өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылды.
"Баарыбыз айтып жатабыз, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бирок зордук-зомбулуктардын саны азайган жок. Балдарды зордуктагандардын ишин тергөөдө так жүргүзүп жаза-чаралар катуу болушу керек. Зордук-зомбулук жасагандар жазасын аларын жана коом мындай жүрүм-турумга чыдабай турганын билиши керек. Бизде жазадан кутулуп кеткен учурлар көп болуп жатат, алар соттон акталып кетүүдө", - деди Султанбекова.
Ошондой эле ал Бишкектин Свердлов районунун судьясы өз кызын узак убакыт бою зордуктап жүргөн жаранды толук актаганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 13-июнда Жогорку сот Сокулукта эки жаштагы наристени кордоп сабаган кишинин өкүмүн өзгөрткөн. Сот ал адамды “коомдон ажыратпай туруп оңдосо болот” деген бүтүмгө келип, беш жылдык түрмөнүн ордуна эки жыл пробациялык көзөмөл жаза чарасын берип абактан чыкты.