Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 173,4 миллион сом бөлүндү

Бишкектеги аз камсыз болгон 7510 үй-бүлөгө 173,4 миллион сом бөлүндү. Аталган каражаттан аз камсыз болгон катмарды көмүр менен камсыздоо каралды. Бул тууралуу 11-декабрда Социалдык өнүгүү министрлигинде өткөн жамааттык жыйында Бишкек шаарын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев билдирди. 
Анын айтымында, 2013-жылы социалдык тармак үчүн 266,6 миллион сом каралган. "Ошондой эле баш калаадагы төмөнкү социалдык мекемелерге: Бишкектеги карылар үйүнө -16,5 миллион сом, Ленин районундагы карылар үйүнө - 4,6 миллион сом, "Ардагер" пансионатына - 7,7 миллион сом бөлүндү",- деди Абылаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан