"Бишкектен Ошко караганда Абу-Дабиге учуу арзан". Бакиров ички каттамдардын бааларына нааразы болду

Ички каттамдардагы авиа билеттин баалары өтө кымбат. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров билдирди.

Эл өкүлү Бишкек-Ош аба каттамына билет 3900 сомдон сатылып жатканын белгиледи.

"Өзбекстанда ички каттамдарга авиабилеттер 8-20 доллар турат. Бул 712 сомдон 1 780 сомго чейин деген сөз. Ташкент - Абу-Даби - 22 доллар же 1 958 сом, Бишкек - ​​Абу-Даби 49 доллардан, башкача айтканда 4 655 сомдон. Бишкек-Ош аба каттамы боюнча билет баасына элдин нааразычылыгы жаралууда. Бишкектен Ошко караганда Абу-Дабиге учуу арзан, билеттин баасында анча деле айырма жок”, - деди Бакиров.

Эл өкүлү туристтик сезондо Ош, Жалал-Абад жана Баткенге каттамдардын баасын төмөндөтүүнү сунуштады. Ошондой эле ал бир компания монополия кылып алгандыктан улам карапайым эл кыйналып жатканын кошумчалады.

Буга чейин 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Бишкек-Баткен аба каттамындагы билет баасын арзандатууну демилгелеген эле.

Жогорку Кеңеш 15.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан