Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Бишкек-Баткен аба каттамындагы билет баасын арзандатуу демилгесин көтөрдү.
Эл өкүлү жергиликтүү тургундар Лейлектен борборго автоунаа менен бир сутка жол жүрөрүн белгиледи.
"Авиабилеттер тартыш. Андан сырткары баасы да 5300 сомдон 5900 сомго чейин чыгып кетти. Барып-келгени дээрлик 6 миң сомдон эсептегенде 12 миң сомго чыгып кетүүдө. Эл ичинде наарзычылык күчөп жатат. Билеттин баасын арзандатуу маселесин карап бериңиздер, бул элдин суранычы", - деди Талиева.
Ошондой эле ал май айынан тарта Бишкек-Раззаков жана Бишкек-Баткен аба каттамынын санын аптасына бир эмес, үч ирет кылуу керектигин кошумчалады.