Бишкекте уурдалган Орхан Инанды Түркияда 21 жылга эркинен ажыратылды

Анкарадагы Жогорку Сот Орхан Инандыга "куралдуу террордук уюмду жетектөө жана уюштуруу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Анкара Жогорку соту өкүм чыга электе соттолуучу Инандыга сөз берген. Анда Инанды ByLock программасын колдонбогонун жана ал иштеген билим берүү мекемелеринин терроризм менен эч кандай байланышы жок экенин айткан.

"Күбөлөрдүн баары эле менин мыйзамсыз иш кылганым тууралуу билдирүү жасашкан жок. Мени Кыргызстанда баары билет, мен ошол өлкөнүн жаранымын. Мен мыйзамсыз эч нерсе кылган жокмун. Мени колдонгон деп айтып жатышкан ByLock программасын таптакыр кабыл албайм. Эгерде ошондой арыз болсо, аны далилдөө үчүн айыптоочу тарапты чакырам. Эгер мен күнөөлүү болсом, эмне үчүн Интерполго кайрылган жоксуңар? Эмне үчүн мени Интерпол аркылуу алып келишкен жок? Мен эч кандай мыйзамсыз иш кылган эмесмин. Түркияда окуп, иштеген жылдары эч кандай мыйзамсыз иш менен алектенген эмесмин”, - деп билдирген Инанды.

Эске салсак, Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда Бишкек шаарында жоголгон. Кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аны атайын кызмат Анкарага алып барганын кабарлаган болчу.

Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкаруу жана уюштуруу" беренеси боюнча айыптап, 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Айыптоо корутундусунда Инанды "Гүлен" кыймылынын Борбор Азия боюнча жооптуу кишиси болгону жазылган. Инанды болсо эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан