Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Анын сапары 21-23-июнга белгиленген. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалымдалгандай, анын алкагында өлкө президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.
"Мамлекет башчылары кыргыз-герман эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат, ошондой эле достук жана өнөктөштүк маанайдагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгилешет", - деп билдирди Азымбакиев.