Шопоковдогу ири өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттөн кийинки нефтебаза (фото)

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен нефтебазадагы өрт саат 19:22де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Шопоков шаарында темир жол бекетинин аймагындагы нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы 8 күжүрмөн эсеп, анын 5 күжүрмөн эсеби Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караштуу ӨКБдан тартылган. Ошондой эле Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам тобу тартылды.

Мындан сырткары, "Кыргызтемир жолу" ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 тез жардам унаасы иштеди.

Өрттүн кесепетинен 4 адам жабыркап, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан