Кечээ, 11-декабрда Алай райондук мамлекеттик администрациясында Аксакалдар кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү. Жыйынга облустук Аксакалдар кеңешинен өкүлдөр катышышты. Мындан сырткары райондук аксакалдар кеңешинин жыйынтыгы угулду. Иш-чаранын жүрүшүндө райондук Аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп Жаркынбай Момунов шайланып, жаңы курам түзүлдү. Бул тууралуу Алай райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматынан билдирет.