"Чечим чыккан". Төрага Шакиев Эдил Байсалов боюнча президент менен сүйлөшкөнүн айтты

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов боюнча чечим чыкканын билдирди.

"Эдил Байсалов боюнча кечээ да, бүгүн да айтылды. Анын кадыр-баркын көтөрө бериштин кереги жок. Ал боюнча чечим бар. Мен министрлер кабинетинин төрагасы менен да, президент менен да сүйлөштүм. Бул маселе кайсы бир деңгээлде чечилген. Муну трагедия кылгандын кереги жок. Бүгүн түштөн кийин бул маселе күн тартибине киргизилет", - деди Шакиев.

Анын алдында бир катар депутаттар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.

Эскерте кетсек, Байсалов 20-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар менен айтыша кеткен. Ал "парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөздө гана экенин" айтып, депутаттарды сындаган.

Жогорку Кеңеш 22.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан