"Аны сабаган да "западло". Атазов Байсаловду отставкага кетирүү боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

"Биз бүгүн Эдил Байсаловдун ишин карашыбыз керек. Ал кечээ парламенттен кофе ичкенде бирөө жарым бир нерсе кошуп койгон окшойт, башы айланып калыптыр. Урматтуу төрага, сиз анын парламенттин кадыр-баркына шек келтиргени боюнча президентке кайрылып, бир чара көрбөйсүзбү? Байсалов мамлекеттик кызматкердин этикасын бузду. Ошондой эле ал парламентти жана элдин добушун жокко чыгарып жатат. Ушул жердеги депутаттар кантип бир вице-премьердин ошондой сөзүн угуп, чыдап отурабыз? Эл бизди Эдил Байсалов мазактасын деп шайладыбы? Ал ким өзү? ЛГБТны колдогону өзүнчө сөз. Эми аны урсаң да болбойт экен, "западло". Же дебатка чакырсаң түшүнбөйт экен. Бул эмне деген кадр?", - деди Атазов.

Ошондой эле ал бир-эки депутатка эмес, жалпы парламенттин аброюна шек келтирип жатканын айтып, эки бийлик бутагынын ортосуна ажырым салып жатканын кошумчалады.

Анын пикирин депутат Айбек Осмонов, Талант Мамытов да кубаттады.

Белгилей кетсек, парламенттин кечээги жыйынында депутаттар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү боюнча маселе көтөрүшкөн.

Жогорку Кеңеш 22.06.2023
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан