Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев кесиптеши Жеңишбек Токторбаевге өзүн 1:0 эсебинде жеңгендигин билдирди.
Жыйында коррупция жана башка кылмыштардын негизинде соттолгон адамдардын акталгандан кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөсүнө чектөө коюу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан. Эл өкүлдөрү түшкө чейин талкуу маалында кайым айтыша кеткен. Депутаттардын талашы тыныгуудан кийин дагы уланды.
"Эмнеге террористтер, адам өлтүргөндөр жана зордуктагандар бул мыйзамга кирген жок же аягына чейин окуган жоксузбу?"- деп сурады Сатыбалдиев.
"Бул жерде коррупция боюнча сөз болуп жатат, мамлекеттин чөнтөгүнөн уурдагандар кайра бийликке кайтып келбеши керек деген эле маселе болуп жатат. Сиз билесиз, бул мыйзам мурда эле бар болчу. Биз ошону эле айтып жатабыз. Коррупционер акталгандан кийин каалаган жумушту кылсын, бирок мамлекеттик кызматка келбесин деп жатабыз. Эмнеге сиз алар үчүн мынчалык жан тартып жатканыңызды билбей жатам. Сиз башка берене боюнча соттолгонсуз го", - деп жооп берди Токторбаев.
- Сатыбалдиев: Айыл өкмөт башчысынын короосунда 4 дарак өсүп жатып, соолуп калды. Айыл өкмөт башчысын сөзсүз шалаакылык деп жоопко тартат...
- Токторбаев: Сиз өзүңүз жакшы билесиз го. Сиз калп эле кычып жатасыз мага. Өзүңүз билип туруп “на публику” ойноп жатасыз да. Азыр 100 пайыз айыл өкмөтүнүн жетекчилигинде коррупционер, уурулар отурат. Баары эч кандай жумуш жасабайт. Биз ошону мыйзамдаштыралы деп жатпайбызбы. Токтотуңузчу, сураныч!
- Сатыбалдиев: Депутат тиги же бул мыйзамга пикири келишпесе, каршы чыгууга үндөөгө акысы барбы?
- Токторбаев: Акысы жок!
- Сатыбалдиев: Каерде жазылып турат?
- Токторбаев: Бардык жерде, регламентте жазылып турат. Сиз сыйлуу генералсыз. Азыр элге туура эмес таасирин тийгизип жатат. Колдобосоңуз деле ыраазымын, колдобой эле коюңуз. Чоң рахмат!
- Сатыбалдиев: Мен колдош үчүн биринчи суроо берип алайын да.
- Токторбаев: Мен айтып жатам, үндөгөнгө акыңыз жок. Сиз өзүңүзгө жооп бериңиз.
- Сатыбалдиев: "Отвечала" же "шкурный вопрос" деген сөз расмий тилби же "жаргонбу"?
- Токторбаев: Эми аны отуруп чыккан сиз жакшы билесиз.
- Сатыбалдиев: Мен дайыма айтам, отуруп чыкканым үчүн сыймыктанам. Балким отуруп чыкпасам мындай даражага жетпейт элем. Негизи бул кандай сөз "отвечала, шкурный вопрос" деген, каерде колдонулат?
- Токторбаев: Негизи отурбаганыңыз жакшы болот эле. Аны өзүңүз жакшы билесиз, сиз отурган жерде колдонот да.
- Сатыбалдиев: Сиз аны расмий трибунадан айтып жатпайсызбы?
- Токторбаев: Сиз бул жакка чыгып кычып жатпайсызбы, анан эмне деп айтайын? Сизди барып кучактап алып, рахмат деп өбөйүнбү?
Андан соң, Элмурза Сатыбалдиев төрагага депутат үгүттөөгө акысы барбы деп сурады. Төрага Нурланбек Шакиев эл өкүлүнө депутат өз позициясын айта аларын, бирок үгүттөөгө укугу жок экенин айтты.
"Эмоцияга алдырып койду деп жатасыздар, мени кечирип койгула. Мен ушул стенограмма үчүн жалпы ЖМКга айтып коёюн. Эгер Жеңишбек Токторбаев экөөбүздүн ортобузда эсеп саны боло турган болсо, анда 1:0. Сиз уттуңуз, себеби мага копол тийдиңиз. Азыр дагы "кычып жатасыз" деп айттыңыз, мен ал сөздү түшүнбөйм. Мындан утуп алдыңыз, бирок мындай утуштун кереги жок. Мен өзүмдүн сабырдуулугум менен бир аз чыдап койдум. Мен сизге теңелип , сиздин мыйзамга каршы чыгып жатып жеке сөздөрдү айткым келбейт. Дагы бир жолу сиздин утканыңызды айткым келет, бирок бул - убактылуу, жалган утуш. Менин суроом жок, жооп бербей эле койсоңуз болот. Жооп берип жатып мени дагы капа кылып аласыз"- деп сөзүн жыйынтыктады Сатыбалдиев.
"Айта турган сөз көп, таарынасыз да"- деди Токторбаев.
Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты.