Бүгүн, 22-июнда депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү боюнча маселени караган депутаттык комиссия өзүнүн корутундусун кабыл алып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкты.
Бирок, жалпы жыйында бул маселени жабык кароо чечими кабыл алынды.
Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими кандай болгону азырынча белгисиз. Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат же четке кагылат.
Эске салсак, 31-майдагы парламенттин жыйынында Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгени маалым болгон. Эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелери боюнча айып коюлган.
Ошол эле күнү аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирген болчу.
"Ыйман нуру" фракциясынан - Динара Ашимова;
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан - Гуля Кожокулова;
"Альянс" фракциясынан - Фарходбек Алимжанов;
"Элдик" депутаттык тобунан - Мирлан Самыйкожо;
"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан - Кундузбек Сулайманов;
"Мекенчил" депутаттык тобунан - Карим Ханджеза;
"Ишеним" фракциясынан - Миргүл Темирбаева;
"Ынтымак" фракциясынан - Мурадил Сыдыков.