Адахан Мадумаров: "Кээ бир кесиптештерим келип "кечирип коюңуз" деп ыйламсырады. Кечирем"

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген кесиптештери тууралуу үн катты.

Жабык жыйындан чыккан Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, андан кээ бир кесиптештери кечирим сураганын айтты.

"Мага кээ бир кесиптештер келип, "кечирип коюңуз" деп ыйламсырап жатпайбы. Кечирем айланайын, аман эле болсо болду!", - деди Мадумаров.

Эске салсак, 31-майдагы парламенттин жыйынында Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгени маалым болгон.

Ошол эле күнү аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан